• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Соль-Илецктен 963 жаран автобус менен алынып келди – ТИМ

Коом 0

Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. Россиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарынан Бишкекке 963 жаран автобус менен алынып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, Соль-Илецк шаарында туруп калган кыргызстандык жарандарды мекенине алып кетүү үчүн Казакстан менен транспорттук коридиор түзүп берүү маселеси макулдашылган.

“Кыргызстандын жарандарын Россиядан кайтаруу автобустар менен ишке ашырылууда. Бүгүн, 6-июль күнү 20 автобус менен 963 жаран Кыргызстанга келди. Казакстандын жол полиция кызматынын коштоосунда дагы 12 автобус менен 533 жаран кыргыз-казак чек ара көздөй келе жатат”, - деп билдирет министрлик.

Тышкы иштер министрлиги, Россияда жүргөн кыргызстандык жарандарды чек ара ачылганга чейин орус-казак чек арасына келбөөнү суранат. Ошондой эле министрлик, кыргызстандык жарандардын орус-казак чек арасына келип, топтолушун алдын алуу максатында Россиядан (Москва, Новосибирск жана Екатеринбургдан) Кыргызстанга учкан чартердик каттамдардын саны көбөйтүлгөнүн билдирет.

Пикир

Оставить комментарий