• 87
  • 90.41
  • 0.84

Нурлан Нартаев КР Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 06.03.24. /Кабар/. Нурлан Нартаев Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти болду. Бул тууралуу аталган уюмдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ага палата мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө жүктөлдү. Ал ошондой эле палатанын мүчөлөрү жана республиканын аймактары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы.

Нурлан Нартаев эмгек жолун прокуратурада, андан кийин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматында баштаган. КМУну «Экономист» (2008) жана «Юриспруденция» (2013) адистиктерди бүтүргөн.

Пикир

Оставить комментарий