• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Соода, транспорт жана өнөр жай тармагындагы кызматташтык. Экономика министри Ирандын элчиси менен жолукту

Экономика 0

Бишкек, 06.09.23. /Кабар/. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Голам Хоссейн Ядегари менен жолугушту.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө соода, айыл чарба, транспорт жана өнөр жай тармагындагы кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Тараптар өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын калыптанган салттарын сактоонун маанилүүлүгүн жана Иран Ислам Республикасынын ШКУга толук кандуу мүчөлүгүн алуусун эске алуу менен өз ара пайдалуу байланыштарды кеңейтүү боюнча мындан аркы кадамдарды белгилешти.

Ошондой эле жолугушууда буга чейинки макулдашууларды ишке ашыруу, атап айтканда, Кыргыз-Иран өнүктүрүү фондун түзүү маселеси козголуп, эки өлкөнүн . Кыргыз Республикасы жана Иран Ислам Республикасы (ӨАК) ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын 13-жыйынынын алдын ала датасы макулдашылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар болгон потенциалды натыйжалуу пайдаланууга кызыкдар экендиктерин белгилеп, мындан аркы биргелешкен ишке жана жемиштүү кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий