• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Сооронбай Жээнбеков: Казакстан — биздин ишенимдүү өнөктөшүбүз

Президент 0

Бишкек, 27.11.19. /Кабар/. Казакстан — биздин ишенимдүү өнөктөшүбүз жана ынак кошунабыз. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков КРга мамлекеттик визит менен келге коңшу Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев менен болгон жолугушуудан кийин билдирди.

Сооронбай Жээнбеков кесиптеши Касым-Жомарт Токаевге Кыргызстанга келгени үчүн ыраазычылык билдирди.

"Сиздин иш-сапарыңыз кыргыз-казак мамилелеринин мындан ары карай өнүгүүсүнө күчтүү таасир этет деп ишенем", - деп баса белгиледи президент Жээнбеков.

Кыргызстандын башчысы бүгүн Касым-Жомарт Кемелевич менен эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын талкууладык, деди.

"Биз кыргыз-казак мамилелеринин кеңири чөйрөсүн камтыган мазмундуу жана натыйжалуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк. Алар өз ара ишенимдин жана түшүнүүнүн нугунда өткөнүн белгилейм. Биздин боордош өлкөлөрүбүздүн ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары карай өнүктүрүү жана тереңдетүү маселесин талкууладык", - деп кошумчалады өлкө башчысы .

Иш-сапардын алкагында акыркы беш жылдан бери өткөрүлбөй келген Жогорку мамлекеттер аралык Кеңештин отуруму болуп өттү.

"Биз соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, суу-энергетика жана транспорт багыттарындагы өз ара аракеттенүүгө көңүл бурдук. Андан башка багыттарда да кызматташтыгыбызды кеңейтүү тууралуу макулдаштык. Тарыхы, тили, дини жана каада-салты окшош, боордош эки элдин маданий кызматташтыгы маселелерине абдан чоң көңүл бурдук. Аталган чөйрөдө кызматташтыкты мындан да жигердүү өнүктүрүү зарыл деген бир пикирге келдик.

Евразия экономикалык бирлигинин алкагында өз ара аракеттенүү маселелерин талкууладык. Ошондой эле регионалдык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмаштык. Көп тараптуу кызматташтыктын форматында биргелешкен аракеттерди белгиледик. Биздин өлкөлөр арасында өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүнүн көбөйгөнүн канааттануу менен белгиледик. Былтыркы жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч быйыл 10,5 пайызга жогорулады. Кыргызстанда биргелешкен кыргыз-казак ишканаларынын саны 1900гө жеткени-экономика багытында дагы жаңы ийгиликтер болооруна негиз түзөт", - деди Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий