Бишкек, 27.11.19. /Кабар/. Бишкекте аскага чыгуу боюнча Кыргызстандын ачык биринчилиги болуп өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
"Чылымсыз спорт" урааны менен өткөн мелдеш 22-24-ноябрда Бишкектеги спорт комплекстеринин биринде болду.
Жарышка Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандан болуп 16 жана андан жогорку жаштагы улан-кыздар катышты.
Аскага чыгуу боюнча биринчиликтин жеңүүчүлөрү:
Эркектер арасында:
1-орун – Иса Конушбаев (Кыргызстан)
2-орун – Евгений Горшков (Кыргызстан)
3-орун – Никита Сливенко (Кыргызстан)
Кыздар арасында:
1-орун – Асаль Исламова (Өзбекстан)
2-орун – Василина Короткова (Кыргызстан)
3-орун – Руслана Ибрагимова (Өзбекстан).
Пикир
Оставить комментарий