"Сосновка" постунда ЭТТК боюнча рейд өттү — Мамлекеттик салык кызматы

Коом 0

Бишкек, 16.05.24. /Кабар/. "Сосновка" постунда Кыргызстандын аймагында товарларды өткөрүүдө электрондук коштомо документтердин колдонулушун текшерүү боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө Салык кызматынын инспекторлору жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынын республика боюнча товарларды ташууда зарыл болгон электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазын жана башка коштомо документтерин текшеришти.

Ошондой эле ЭТТКны колдонбогон айдоочуларга эскертүүлөр берилди жана аларды пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Эскерте кетсек, товарларды жүгүртүү Кыргызстандын аймагында товарларды сатууда, анын ичинде базарларда жана кичи базарларда дүң сатууда, товарларды өлкөнүн аймагынан экспорттоодо, сатып алуучу тарабынан товарларды кайтарууда, иштетип алма чийки затты жана аны кайра иштетүү продуктуларын өткөрүп берүүдө, товарларды агенттин атынан сатуу үчүн принципал тарабынан агентке өткөрүп берүүдө, товарларды башка субъекттерге акысыз өткөрүп берүүдө, бир субъекттин чегинде же анын филиалдарынын ортосунда товарларды которуштурууда ЭТТКны милдеттүү түрдө колдонуу менен ишке ашырылат.

Кыргызстанда аймагында коштомо документтери жок товарларды ташуу үчүн административдик айып пул каралган.

Ошентип, биринчи эреже бузган учурда эскертүү берилет, эгер бир жылдын ичинде кайталанса жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом өлчөмүндө айып салынат. Жыл ичиндеги кийинки эреже бузуулар үчүн айдоочуга 10 миң сом жана юридикалык жактарга 28 миң сом айып пул салынат.

Белгилей кетсек, транспорт каражаттарынын айдоочулары (ташуучулар) башка бирөөнүн товарларын ташууну тастыктаган электрондук товардык транспорттук коштомо кагазы жок болсо, Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылышат.

Пикир

Оставить комментарий