• 87
  • 90.41
  • 0.84

“Сосновка” постунда кышка даяр эмес унаалар үйлөрүнө жөнөтүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 19.10.18. /Кабар/. “Сосновка” постунда кышка даяр эмес унааларды инспекторлор үйлөрүнө жөнөтүүдө. Бул тууралуу Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-октябрда “Сосновка” стационардык постунда Чүй облусунда аба ырайынын чукул өзгөргөндүгүнө байланыштуу, өзгөчө тоолуу аймактарда текшерүү жүргүзүлүп, Төө-Ашуу ашуусу аркылуу жүрө турган унааларды кароо өттү.

Сууктун түшүшү менен жолдордо, өзгөчө “Төө-Ашууда” жолдор муз болуп калган.

“Аба ырайына карабастан кээ бир автоунаа ээлери өзүнүн унаасына керектүү көңүл бурушпай жатат. Алар муну менен өзүнө эле эмес, жүргүнчүлөрүнүн, жол кыймылынын башка катышуучуларынын өмүрүнө коркунуч алып келишүүдө”, - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Текшерүүнүн жүрүшүндө чоң жүк ташуучу транспорттук каражаттарга өзгөчө көңүл бурулду. Алардын тайгалак жолдорго туруштук бере аларына, толук комплекттелгендигине маани берилди.

“Унааларды текшерүүдө атайын каражаттары жок айдоочуларды кайра артка жөнөттүк. Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчилиги бардык категориядагы айдоочулардан өз убагында дөңгөлөктөрүн алмаштырып, унааны тайгаланып кетүүдөн сактаган чынжырчалар менен жабдып, ашууда башка унаалар менен аралыкты сактоону суранат”, - деп билдиришти ведомстводон.

Пикир

Оставить комментарий