Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди

Коом 0

Бишкек, 12.11.23. /Кабар/. Сосновка өткөрмө постунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда аба ырайы кескин өзгөрүп, Төө-Ашууда кар жаап жатат, жол кырсыктардын алдын алуу жана болтурбоо максатында чоң жүк ташуучу унааларга саат 10:30 баштап четкөөлөр киргизилди.

ЖКККБ айдоочуларга Бишкек - Ош унаа жолуна сапарга чыгарда унаанын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырууну, алдыдагы унаа менен болгон аралыкты сактоону жана карама каршы тилкеге чыкпоону эскертет.

Белгиленгендей, учурда Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын өздүк курамы аталган жолдо кызмат өтөөдө.

Пикир

Оставить комментарий