• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Байсалов мамлекеттик куурчак театрынын абалынан кабар алды

Коом 0

Бишкек, 21.11.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынан кабар алышты.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, алар ошондой эле реконструкцияланып жаткан Кычан Жакыпов атындагы сейил багы менен таанышып чыгышкан.

Жыйынтыгында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары куурчак театрынын ичи-тышын оңдоо, материалдык-техникалык базасын жаңылоо керектигин белгилеп, ал эми сейил бактагы бош турган аймакты максаттуу пайдалануу боюнча идеяларын ортого салып, министр менен артыкчылыктуу иш-аракеттерди талкуулады.

Пикир

Оставить комментарий