• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Сосновка пунктунун жолдору кеңейтилип, төлөм системасы жакшыртылууда

Коом 0

Бишкек, 20.08.24. /Кабар/. Сосновка пунктунун кириш-чыгыш жолдору кеңейтилип, асфтальт-бетон төшөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Ошондой эле унаалардын өтүүсү үчүн төлөмдөрдү QR-код аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин транспорт министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев Сосновка пунктуна барып, тесттик режимде ишке киргизилип жаткан накталай эмес төлөм системасы менен таанышкан.

Министрдин милдетин аткаруучу калкка кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу, адам факторун жокко чыгаруу, коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо максатында киргизилип, сыналып жаткан программа тууралуу толук маалымат алып, “Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинин жетекчилигине элдин ыңгайлуулугу үчүн тез арада киргизүү тапшырмасын берген.

Белгилей кетсек, накталай эмес төлөм системасы министрликке караштуу "Өндүрүштүк инновациялык борбор" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери тарабынан иштелип чыгууда.

Пикир

Оставить комментарий