Бишкек, 26.12.24. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Кыргызстанда сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыздоо үчүн мамлекет тарабынан сот системасына бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2 жылда дээрлик үч эсеге өстү. Бул тууралуу өлкөнүн сот приставдарына кызматтык унаа тапшыруу аземинде министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Анын айтымында, Сот приставдар кызматына унааларды сатып алууга мамлекеттик бюджеттен 102 млн 898 миң сом бөлүнгөн.
“Сот тутуму өзүнчө бийлик бутагы. Сиздердин адилеттүү чечимиңиздер менен жарандардын, ишкерлердин конституциялык укуктары жана эркиндиги ишенимдүү корголуп келет. Сот адилеттиги татаал милдет жана айныгыс чындык. Ал өлкөнүн өнүгүүсүнө, коомдук маанайына түздөн-түз олуттуу таасирин тийгизет. Учурда өлкөдө сот системасына бөлүнгөн акча каражаттарынын көлөмү өсүүдө. Алсак, 2020-жылы 1,2 млрд сом болсо, 2023-жылы 3,5 млрд сом, 2024-жылы 3,8 млрд сомго жетти. Бул каражаттарга сот отурумдарына заманбап технологиялар киргизилип жатат”, - деди Адылбек Касымалиев.
Белгилей кетсек, өлкөнүн аймактык сот приставдарына тапшырылган “Шевроле Трекер” үлгүсүндөгү 54 унаа “Тулпар моторс” ишканасынан чыгарылган.
Эскерте кетсек, өлкө боюнча жалпы 449 сот приставы бар.
Пикир
Оставить комментарий