• 86.5
  • 91.23
  • 0.87

Соцөнүктүрүү министрлиги: Өлкө боюнча 525 миңден ашык үй-бүлө азык-түлүк түрүндө жардам алды

Коом 0

Бишкек, 15.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Өлкө боюнча 520 миңден ашык үй-бүлө азык-түлүк түрүндө жардам алды. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров брифингде билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режими киргизилгенден бери 525 миң 105 үй-бүлө азык-түлүк түрүндө жардам алышты.

“Министрликтин депозиттик эсебине 17 млн 400 млн сом түштү. Комиссиянын чечими менен каражаттар жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына бөлүндү. Жалпы 8 миң 181 тонна ун жана 176 тонна шекер таратылды”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий