• 84.92
  • 94.05
  • 0.93

Социалдык төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн республикалык бюджеттен 4 млрд сомдон ашык каражат сарпталган - Кочкоров

Коом 0

Бишкек, 15.07.20. /Кабар/. 6 ай ичинде социалдык төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн республикалык бюджеттен 4 млрд 778 млн 755 миң 100 сом сарпталган. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров брифингде билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик жөлөкпулдар үчүн 3 млдр 787 млн 318 миң 300 сом, акчалай кенемтелер, жеңилдиктерге – 591 млн 828 миң 600 сом, жеке ассистентке – 201 млн 591 миң 300 сом, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул жана расымдык жөлөкпул – 165 млн 881 миң 200 сом, ишке орноштурууга көмөктөшүү – 32 млн 135 миң 700 сом бөлүнгөн.

“Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан кепилденген бардык социалдык милдеттемелер толук көлөмдө аткарылды. Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда дагы социалдык төлөмдөр үзгүлтүккө учураган жок”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий