• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 13,3 млн адамдан ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 15.07.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 13 млн 323 миң 530 адамга жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, коронавирусту жуктургандардын ичинен 578 миң 628 киши каза болгон. Ал эми 7 млн 399 миң 310 адам айыкты.

Коронавирусту АКШда − 3 млн 431 миң 574 киши, Бразилияда − 1 млн 926 миң 824, Индияда − 936 миң 181, Россияда − 738 миң 787, Перуда − 333 миң 867, Чилиде − 319 миң 493, Мексикада − 311 миң 486, Түштүк Африкада − 298 миң 292, Улуу Британияда − 292 миң 931, Иранда – 262 миң 173 адам жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий