• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстан менен Пакистандын илим жаатындагы кызматташтык маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 15.07.20. /Кабар/. Исламабад шаарында Кыргызстандын элчиси Э.Бейшембиев Пакистандын илим жана технологиялар министри Чаудри Фавад Хуссейн менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар коронавирус пандемиясынын шартында Кыргызстан менен Пакистандын илим жана технология жаатындагы кызматташтыгын кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

"Чаудри Фавад Хуссейн пакистандык тараптын Кыргызстан менен илимий кызматташууну жандандырууга, кыргыз кесиптештери менен акыркы технологиялар боюнча тажрыйба алмашууга даяр экендигин билдирди. Ошондой эле Пакистандын стипендиялык программалары жөнүндө маалымат берип, кыргыз адистерин Пакистанда кабыл алууга даярдыгын билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий