• 87
  • 90.41
  • 0.84

Соцөнүктүрүү министрлигинен “Иштеген иши үчүн азык-түлүк” долбоорун ишке ашыруу тууралуу айтып беришти

Коом 0

Бишкек, 27.08.20. /Кабар/. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен 2018-2020-жылдарга “Иштеген иши үчүн азык-түлүк” кеңири масштабдагы долбоордун ишке ашырылуусу туурасында айтып беришти.

Ведомствонун басма сөз кызматы маалымдагандай, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү активдүү социалдык жактан колдоо максатында, министрлик тарабынан БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликтеги 2018-2020-жылдарга “Иштеген иши үчүн азык-түлүк” кеңири масштабдагы долбоор ишке ашырылууда.

1-июлга карата республика боюнча 519 инфраструктуралык, окутуучу жана киреше алып келүүчү долбоорлор ишке ашты, анын алкагында 63,4 миң адам (12,4 миң аз камсыз болгон үй-бүлөлөр) азык-түлүктөр (ун жана өсүмдүк майы) менен камсыз болгон. Жалпысынан долбоордун алкагында 2041 тоннага жакын азык-түлүк жардамдары берилди.

Азык-түлүктөр (ун жана өсүмдүк майы) бир катар аткарган иштери үчүн (жолдорду, каналдарды, ичүүчү суу системаларын куруу, бак дарактарды отургузуу, социалдык объектилерди оңдоо ж.б.) жардам алуучуларга (аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө) берилген.

Пикир

Оставить комментарий