Бишкек, 18.01.23. /Кабар/. Социалдык фонд 2022-жылдын январь-декабрь айларында 74 миң 580 жаранга пенсия чектеди.
Соцфонддун басма сөз кызматынан билдиришкендей, анын ичинде 2022-жылдын декабрында 6 миң 515 жаранга пенсия чектелген.
Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 2 миң 294 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.
Пикир
Оставить комментарий