• 87
  • 90.41
  • 0.84

Соцфонд: Сегиз айда пенсияны каржылоого 36,4 млрд сом жумшалды

Экономика 0

Бишкек, 05.09.22. /Кабар/. 2022-жылдын январь-август айларында пенсияга 36 млрд 441,6 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматынан билдиришти.

Алсак:
- Бишкек шаары — 5 млрд 885,5 млн сом
- Чуй облусу — 5 млрд 503,5 млн сом
- Нарын облусу — 2 млрд 896,1 млн сом
- Ысык-Көл облусу — 3 млрд 309,2 млн сом
- Талас облусу — 1 млрд 508,6 млн сом
- Ош шаары — 1 млрд 304,0 млн сом
- Ош облусу — 6 млрд 680,7 млн сом
- Баткен облусу — 3 млрд 084,0 млн сом
- Жалал-Абад облусу — 6 млрд 270,0 млн сом.

"2022-жылдын август айына пенсиянын каржылануусу 4 млрд 566,6 млн сом түздү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий