• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Президенттин сынынан кийин "Кыргызфармация" ишканасына 1 млрд сом бөлүндү

Экономика 0

Бишкек, 23.06.23. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасына 1 млрд сом 1 млрд сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө толугу менен каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Каражат министрлер кабинетинин ушул жылдын 21-июнундагы тескемесинин негизинде бөлүнгөн. Ага дары-дармек жана медициналык буюмдарды борборлоштурулган сатып алууну камсыз кылуу каралган.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров өткөн аптада өлкөнүн саламаттык сактоо тармагынын актуалдуу маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрүп, анда Саламаттык сактоо министрлигин жана Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун сынга алган. Буга "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасына толук кандуу иштөө жана өндүрүш заводдору менен жаңы келишимдерди түзүү үчүн азыркыга чейин бюджеттен каражат бөлүнбөгөндүгү себеп болгон.

Пикир

Оставить комментарий