• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Соцфонд Кореяда иштеген канча кыргызстандык бир жолку төлөм алганын айтты

Экономика 0

Бишкек, 24.10.24. /Кабар/. Кыргызстандын Социалдык фонду Кореяда иштеген кыргызстандыктардын канчасы бир жолку төлөм алганын айтты.

Ведомстводон маалымдашкандай, учурда Кореяда иштеген Кыргызстандын жарандары бир жолку төлөмдөрдү алышууда.

Түштүк Кореяда расмий түрдө иштеп, эмгек акыларынан төгүмдөрү жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргызстанга келгенден кийин бир жолку төлөмдөрдү алышууда.

Жалпысынан бүгүнкү күндө Кореянын Улуттук пенсиялык кызматынан пенсиялык топтоолордун бир жолку төлөмдөрү алуу үчүн кайрылгандардын саны 98 адамды түзөт, алардан 83 адам каралып, бир жолку төлөм төлөндү, 15 адам чечимди күтүүдө.

Бир жолку төлөмдөрдүн орточо өлчөмү 3483 АКШ долларын түздү.

Пикир

Оставить комментарий