Соцфонддун колл-борборуна жыл башынан бери 13,5 миң кайрылуу түшкөн

Коом 0

Бишкек, 07.12.23. /Кабар/. Социалдык фонддун колл-борборуна жыл башынан бери 13 миң 547 кайрылуу түшкөн. Бул тууралуу фонддон билдиришти.

Ал эми 2023-жылдын ноябрь айында колл-борборго 1 миң 63 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинен 660 кайрылуу телефон аркылуу түшсө, 403 кайрылуу сайттагы онлайн/офлайн чат аркылуу түшкөн.

Кайрылуулардын көпчүлүгү пенсия чектөө, жеке камсыздандыруу эсептериндеги акча каражат тууралуу, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жана башка маселелерге байланыштуу болгон.

Соцфонддон белгилешкендей, колл-борбор мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо маселелери боюнча кесипкөй жардам көрсөтөт. Ал 1202 кыска номери аркылуу жеткиликтүү жана пенсиялык камсыздоо жана социалдык камсыздандыруу боюнча суроолорго жооп издегендер үчүн ишенимдүү жана ыңгайлуу маалымат булагы болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий