• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Соцфондго январь-сентябрь айларында 7,7 миңден ашык кайрылуу түшкөн

Коом 0

Бишкек, 17.10.24. /Кабар/. Социалдык фонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына 2024-жылдын январь-сентябрь айларында 7 741 кайрылуулар келип түшкөн.

Ведомстводон маалымдашкандай, анын ичинде:

  • жазуу түрүндөгү кайрылуулар – 384;
  • ооз эки кайрылуулар – 1046;
  • Соцфондунун жетекчилиги тарабынын кабыл алынды – 109 жаран;
  • "Кыргыз радио" эфиринен – 4;
  • ишеним телефондор аркылуу – 3545;
  • уюлдук ишеним телефону аркылуу – 2653.

Жарандар көбүнчө төмөнкү багыттар боюнча кайрылышат:

  • пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө;
  • мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө;
  • пенсияларды индексациялоо тууралуу;
  • пенсияга укугу боюнча;
  • пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу;
  • пенсиянын өчөмүнө кайра эсептөө боюнча;
  • пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө;
  • Соцфонддун ишмердүлүгү боюнча башка суроолор.

Социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө келип түшкөн баардык суроолор боюнча мамлекеттик жана расмий тилде жеткиликтүү жооптор берилип келүүдө.

Пикир

Оставить комментарий