• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Соцфондго жыл башынан тарта дээрлик 6 миң кайрылуу келип түшкөн

Коом 0

Бишкек, 06.10.23./Кабар/. Социалдык фондго 2023-жылдын январь-сентябрь айларында 5 миң 833 кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу фонддон кабарлашты.

Анын ичинде:

  • жазуу түрүндө кайрылуулар – 290;
  • ооз эки кайрылуулар – 815;
  • Соцфонддун жетекчилиги тарабынан кабыл алынды – 109 жаран;
  • ишеним телефондор аркылуу – 3399;
  • уюлдук ишеним телефону аркылуу – 1220.

Жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук, оозеки) кайрылуулардын тематикасы боюнча төмөнкү багыттарда суроолор келип түшөт:

  • пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө;
  • мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө;
  • пенсияларды индексациялоо тууралуу;
  • пенсияга укугу боюнча;
  • пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу;
  • пенсиянын өчөмүнө кайра эсептөө боюнча;
  • пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө;
  • Соцфонддун ишмердүүлүгү боюнча башка суроолор.

Социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө келип түшкөн баардык суроолор боюнча мамлекеттик жана расмий тилде жеткиликтүү жооптор берилип келүүдө.

Пикир

Оставить комментарий