• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда 440,3 миңден ашуун бала кызамыкка каршы эмдөөдөн өттү

Ден соолук 0

Бишкек, 06.10.23./Кабар/. 18-сентябрдан 29-сентябрга чейин өлкөдө жүргүзүлгөн кызамыкка каршы эмдөө өнөктүгүнүн алкагында 440 миң 343 бала эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч максаттуу топтун 76%ын түзөт. Кампаниянын алкагында эмдөө статусуна же буга чейин кызамык жана кызылча оорусу менен ооруганына карабастан 9 айдан 7 жашка чейинки курактагы балдар эмдөөдөн өтүштү.

"Азыркы учурда эмдөө уланууда. ҮМБ/ҮДТ/ФАПтардан жана мектептердеги жана мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги убактылуу эмдөө пункттарынан балдарды акысыз эмдетүүгө болот", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий