• 87
  • 90.55
  • 0.84

Соцфонд: 2022-жылдын үч айында 2046 арыз жана кайрылуу түшкөн

Коом 0

Бишкек, 17.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын январь-март айларында Социалдык фонддун жарандарды, арыздарды кабыл алуу жана калк менен иш алып баруу бөлүмүнө 2046 арыз жана даттануу-кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы билдирет.

Анын ичинен:

- жазуу түрүндө кайрылуулар – 126;

- ооз эки кайрылуулар – 156;

- электрондук кайрылуулар – 45.

2022-жылдын январь-март айларында келип түшкөн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө маселелери боюнча толук түшүндүрмө берилди жана жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук, оозеки) кайрылуулардын тематикасы боюнча төмөнкү багыттарда суроолор келип түшкөн:

- пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө;

- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө;

- пенсияларды индексациялоо тууралуу;

- пенсияга укугу боюнча;

- пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу;

- пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө.

Ошондой эле төраганын орун басарлары жана аппарат жетекчиси тарабынан 34 жаран өздөрүнүн кабыл алуусунда болду жана кабыл алууда болгон суроо-талаптарына тиешелүү чаралар көрүлдү.

Андан тышкары, Социалдык фонддун 54-33-16, 57-66-67 “Ишеним телефону” жана 0555 64-04-16 “Уюлдук ишеним телефону” аркылуу мамлекеттик жана расмий тилде мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндө жеткиликтүү оозеки түшүндүрмөлөр берилип келүүдө.

2022-жылдын январь-март айларында 1685 телефон чалуу, анын ичинен уюлдук телефон аркылуу 387 чалуу түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий