• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кемин районунун Ильич айылына дээрлик 123 млн сомго бала бакча курулат

Коом 0

Бишкек, 18.08.23. /Кабар/. Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Ильич айылында бала бакча куруу пландалууда.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, тендерди Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Турак жай-курулуш департаментинин Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялаган.

Тендердин суммасы 122 млн 875 миң 181 сомду түзөт, конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү 1-сентябрга чейин.

Пикир

Оставить комментарий