• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад шаарындагы Загорный көчөсүнө асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 18.08.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Загорный көчөсүнө асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган көчөнүн узундугу бир чакырым, туурасы беш жарым метрди түзөт.

Курулуш иштери “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүп, капиталдык салымдар беренесинин негизинде каржыланган.

Жолдун курулушунун сметалык баасы 11 млн 700 миң сомду түзөт. Бул каражатка асфальт төшөөдөн сырткары, темир-бетон арык куурларын жаткыруу, жолдун алдынан өткөрүлгөн суу түтүктөрүн орнотуу жумуштары жасалган.

Пикир

Оставить комментарий