• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткенде Улуу Жеңиштин 76 жылдыгы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 09.05.21. /Кабар/. 9-май - Улуу Жеңиш майрамына арналган майрамдык салтанатка өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев баш болгон жергиликтүү жетекчилер, Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбеков жана шаар тургундары катышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Өкүл Абдикарим Алимбаев, Баткен облусунун элин Жеңиш күнү менен куттуктап, “9-май – бизге Улуу Жеңишти тартуулаган аталарыбыздын баа жеткис эрдигин эскерип, таазим этип туруучу улуу күн. Эрдик көрсөткөн аталарыбызга, Улуу Жеңиш күнү эле эмес, күн сайын камкордук кылып, урмат көрсөтсөк да аздык кылат. Бул Жеңиш жеңил келген эмес. Согуш учурунда, тылда эмгектенген улуу муундагы энелерибиз, аталарыбыз да кылым карыта жашап баратышат. Алар биздин сыймыгыбыз, тынчтык алып келген каармандарыбыз. Сиздерге миң ирет алкыш айтып, таазим этебиз”, - деди.

Бүгүнкү күндө облуста Улуу Ата Мекендик согуштун 4 катышуучусу бар. Алар - Эгемберди Абылкасымов, Ашыр Рахматов, Шамши Эшбаев жана Шамурат Камалов.

Ошондой эле тылдын 200 ардагери бар.

Белгилей кетсек, Баткен облусунан Улуу Ата Мекендик согушка 20 миңден ашык эр-азамат аттанып, анын 1 4 миң 213ү мекенине кайтпай калган. 6 553 жоокер жеңиш менен келишкен.

Пикир

Оставить комментарий