Социалдык фонддо мамлекеттик тил боюнча жыйын өттү

Коом 0

Бишкек, 27.05.23. /Кабар/. Социалдык фонддо мамлекеттик тил боюнча кеңейтилген жыйын өттү.

Фонддун басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыйын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары Улан Жумаевдин, Социалдык фонддун түзүмдүк башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн башчылары жана жалпы кызматкерлердин катышуусунда өтүп, анда мамлекеттик тилди өркүндөтүү, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү талкууланды.

Ошондой эле жыйынга Социалдык фонддун аймактык башкармалыктарынын жетекчилери жана кызматкерлери онлайн форматта катышты.

Мындан тышкары, жыйынга Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев жана “Кыргыз тест” мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Cтавинская катышып, алар мамлекеттик тилди өркүндөтүү жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүдө Социалдык фонддун аткарып жаткан иштери тууралуу өздөрүнүн пикири менен бөлүшүп, айрым жагдайлар боюнча сунуштарын беришти.

Пикир

Оставить комментарий