• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

КЭР СУАРда кыргыз ишкерлери үчүн акысыз кампа берүү боюнча макулдашууга жетишилди

Өкмөт 0

Бишкек, 27.05.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна болгон иш сапарынын алкагында, Кашкар шаарынын айыл чарба, өндүрүш жана соода тармактарын кыдырды.

Анда, “Дунлу” айыл чарба жана суу менен камсыз кылуу компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Мында өстүрүлгөн жер-жемиштер жергиликтүү элге жеткирилет жана чет өлкөгө экспорттолот.

Жолугушуунун жүрүшүндө Бакыт Төрөбаев, күнөскана тармагында заманбап технологиянын жардамы менен иш алып барган бул компаниянын адистерин Кыргызстандагы адистерди окутууга жана иш алып барууга чакырды.

Андан ары министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары мал чарбачылыгы менен иш алып барган “Наньда” айыл чарба компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Анда тараптар, бул компанияда ири мүйүздүү бодо малдар багылгандыктан Кыргызстандан тоют жеткирүү мүмкүнчүлүгүн карашты. Ошондой эле акылдуу ферма моделин иштетүү боюнча эки тараптуу тажрыйба алмашуу жагы каралды. Компания негизинен сүт азыктарын чыгарат.

Мындан тышкары, иш сапардын жүрүшүндө Кашкар Эркин экономикалык аймактан Кыргызстандын ишкерлери үчүн алты айга акысыз кампа бериле турган болду. Мындай мүмкүнчүлүк кыргыз ишкерлеринин кытай базарына адаптация болгонго чейин түзүлдү.

Бакыт Төрөбаев ошондой эле, электрондук коммерцияны өнүктүрүү максатында, ачылуу алдында турган “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын кеңсесине барды. Анда Кашкар аркылуу Кытай менен түз почта алмашуу жүргүзүлөт. Кеңсе ачылгандан тыртып кыргыз ишкерлери товарларын Кытайга экспорттоосу жогорулайт.

Күндүн жыйынтыгы менен Бакыт Төрөбаев, Кызыл-Суу кыргыз автономдуу облусуна барып жергиликтүү кыргыздар менен жолукту. Анда кыргыз маданиятын тартуулаган кытайлык кыргыздар жалпы Кыргызстан элине салам жолдошту. Ал эми министерлер кабинетинин төрагасынын орун басары кыргыздын тарыхын, тилин, салтын сактап жана улантып жатканы үчүн аларга ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий