• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

"Социалдык контракт". Быйыл Чүй району боюнча 104 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет

Аймак 0

Бишкек, 19.07.24. /Кабар/. Быйыл Чүй районунда жана Токмок шаарында аз камсыз болгон 104 үй-бүлө социалдык контракт түзүштү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн Социалдык коргоо департаментинин директору Актан Балбаков Токмок шаары боюнча 31 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификаттарды тапшырды.

"Үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда "социалдык контракт" программасы боюнча жалпы 23 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берүү пландалган. Анын ичинен 20 миңи республикалык бюджеттен, 3 миңи Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат", - деди ал.

Белгилей кетсек, аталган долбоор башталгандан тарта эки жылдын ичинде Чүй районунда жана Токмок шаарында 103 жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилип, алар негизинен айыл чарбасында жана өндүрүш чөйрөсүндө жеке бизнесин ачышкан.

Пикир

Оставить комментарий