• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Социалдык төлөмдөрдү төлөө токтотулбайт – Жалал-Абад шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы

Аймак 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. Социалдык төлөмдөрдү төлөө токтотулбайт. Бул тууралуу Жалал-Абад ТВ каналынын түз эфиринде Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Батина Токобаева билдирди.

"Өзгөчө абал учурунда социалдык туруктуулукту камсыз кылуу жана калктын аярлуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүү максатында социалдык төлөмдөрдү токтоосуз жүргүзүү белгиленген", - деп ал аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 16 жашка чейинки балдарына жөлөкпулдар, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды караган жеке ассистенттерге ж.б. жарандарга социалдык төлөмдөр төлөнө берерин айтып өттү.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий