• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жалал-Абаддагы Жазы-Кечүү айылы электр жарыгы менен камсыз болду

Аймак 0

Бишкек, 01.09.20./Кабар/. Бүгүн, 1-сентябрда Жалал-Абад облусунун Жазы-Кечүү айылынын тургундарын электр тармактарына кошуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ишканасы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул калктуу конушта 150 үй-бүлө жашайт, алардын ичинен 110 үй-бүлө Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн жашоочулары болсо, 40 үй-бүлө Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жашоочулары болуп эсептелет.

Айыл төрт тарабынан тоолор менен курчалып, жетүүгө кыйын болгон аймакта жайгашкан. Райондук борборго жетүү үчүн 110 километр аралыкты басып өтүү керек. Жол тоонун боорунда жайгашып, аянычтуу абалда. Кеч күздө жана кышында жаан-чачындын айынан райондук борборго баруучу жол толук жабылат.

Жарыяланган региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында, Кыргыз Республикасынын президенти С. Жээнбековдун тапшырмасы боюнча Улуттук энергохолдингдин башкармасынын төрагасы Айтмамат Назаров өткөн жылдын күзүндө аталган айылга келип, түзүлгөн абал менен таанышкан.

Ушул жылдын 6-июлунда “Жалалабатэлектро” ААК өз күчү жана каражаттары менен биринчи электр зым тирөөчтү орнотуп, жумушту баштады.

Бардыгы болуп 654 зым тирөөч орнотулду, анын ичинен: 10 кВ чыңалуудагы 479 зым тирөөч, 0,4 кВ чыңалуудагы 175 зым тирөөч. 18 километрден ашуун электр берүү чубалгылары коюлуп, 4 анкердик тирөөч орнотулду. Ошондой эле айылда 110 кВА кубаттуулуктагы 1 трансформатор жана 160 кВА кубаттуулуктагы 2 трансформатор орнотулду.

Эки айдын ичинде, компания бардык аракеттерди жасап, 6 бригаданы ишке салып, Жазы-Кечүү айылын электрлештирүү боюнча иштерди аяктады.

Жалал-Абад, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Көк-Арт РЭТтеринин адистери, ошондой эле жогорку вольттуу электр жабдууларын тейлөө боюнча адистер бүткүл күчүн жумшап коюлган тапшырмаларды аткарууну аякташты.

Долбоордун жалпы сметасы 25 миллион сомду түздү.

Электр кубаты Сузак районунун Ак-Тоок айылындагы 35/10 кВ КЧ Кара-Кол фидерине берилди.

“Жалалабатэлектро” ААКтын электр тармактарына кошуу аземи Жазы-Кечүү айылындагы М.Чайбылов атындагы орто мектепте Билим күнүнө арналган символдук коңгуроодон кийин болуп өттү. Аталган калктуу конуштагы бардык үйлөр электр энергиясын эсепке алуу боюнча жекече алеттер менен камсыздалып, электр менен жабдууга кошулду.

Салтанаттуу иш-чарага Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Базар-Коргон районунун акими Бакыт Козуев, Улуттук энергохолдингдин башкармасынын төрагасы Айтмамат Назаров, “Жалалабатэлектр” ААКтын башкы директору Дурусбек Рахманов, ошондой эле тармактык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Пикир

Оставить комментарий