• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Бишкекте Советтер Союзунун баатыры К.Үсөнбековго айкел орнотулду

Коом 0

Бишкек, 01.09.20. /Кабар/. 2020-жылдын 1-сентябрында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институту наамын алып жүргөн Советтер Союзунун баатыры генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбековдун айкелинин ачылыш салтанаты болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети (КИМК) билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчилигинин өкүлдөрү, Аскер институтунун жетекчилиги, өздүк курамы жана генералдын жакындарынын катышуусунда өттү.

Генерал К. Үсөнбеков Ленин, Кызыл Туу, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендеринин ээси, үч Кызыл Жылдыз ордени, Манас ордени жана Алтын Жылдыз медалдары, СССРдин, Россия Федерациясынын, Монголиянын, Болгариянын жана Румыниянын жана башка сыйлыктардын ээси.

Иш-чараны ачып жатып КР КИМК аскердик билим берүү башкармалыгынын башчысы Талгат Саалаев курсанттарды жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, Улуу Ата Мекендик согуш учурунда курман болгон кыргызстандык баатырлардын элесин урматтоо ыйык милдет экенин эскертти.

Генералдын туугандары Аскер институтунун жетекчилигине айкелдин орнотулушуна ыраазычылык билдирип, курсанттарга көрүнүктүү командир К.Үсөнбековдун жолун жолдошун каалашты.

Иш-чара санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен өттү.

Пикир

Оставить комментарий