Бишкек, 21.01.25. /Кабар/. “Социалдык контракт” программасынын катышуучусу, беш баланын энеси Умугулсун Жороева 2022-жылдын 21-декабрында 100 миң сом өлчөмүндө мамлекеттен акчалай жардам алган.
Анын айтымында, 2012-жылы жолдошунун оорусуна байланыштуу алар Бишкекке көчүп келишкен. Жолдошу каза болуп, жалгыз бой калган эненин беш баласынын төртөө мектепке барат. Аз камсыз үй-бүлө катары каттоодон өтүп, кварталына бир жолу 1000 сомдон социалдык стипендия жана социалдык коргоо башкармалыгынан көмүрдүн ордуна акчалай компенсация алып турган.
“2020-жылы өз каражатыма тигүү машинасын сатып алып, үйдүн бир бөлмөсүн тигүү цехи кылып ылайыкташтырып иш баштоо аракетин көрдүм. Андан кийин социалдык коргоо башкармалыгынын кызматкерлери мамлекет тарабынан жардам иретинде 100 миң сом каражат берилерин айтышты. Алар мага дагы тигүү машиналарын сатып алып, ишимди улантууну сунушташты. Мен макул болуп каражат алып, ал акчага дагы эки тигүү машинасын сатып алдым. Учурда буйрутма алып, ар кандай кийимдерди тигем”, - деди Умугулсун Жороева.
Ал ошондой эле бул үч жыл аралыгында иши жакшы жүрүшкөндүгүн билдирди. Дагы эки тигүүчү машина, 500 долларга атайын үтүктөө үстөлү менен үтүк сатып алып, кездеме кесүүчү стол орноткон.
“Эң негизгиси азыр балдарымдын тамак-ашына жана муктаждыктарына акча жетиштүү. Өзүбүздөн эч нерсени аябайбыз. Чоң рахмат!”, - деп кошумчалады ал.
Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров тарабынан 2022-жылы башталган "Социалдык контракт" мамлекеттик программасы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого жана жакырчылыкты жоюуга багытталган. Аталган программа менен үч жыл ичинде өлкө боюнча 35 миңден ашык үй-бүлө социалдык келишимдерди түзүшкөн.
Пикир
Оставить комментарий