• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Легендарлуу учкуч Исмаилбек Таранчиевдин 100 жылдыгы белгиленди

Коом 0

Бишкек, 03.05.23. /Кабар/. Бүгүн, 3-майда Советтер Союзунун Баатыры, легендарлуу учкуч Исмаилбек Таранчиевдин 100 жылдыгы белгиленди.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, иш-чара Аламүдүн районундагы Исмаилбек Таранчиев атындагы Беш-Күнгөй жалпы билим берүү мектебинде өттү.

Иш-чарага коргоо министринин орун басарынын Бакыт Жапаров, Чүй облусунун башчысы Канат Жумагазиев, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын, Кант авиабазасынын өкүлдөрү, мектеп окуучулары жана учкучтун туугандары катышты. Анда И.Таранчиевдин эстелигине гүл чамбар коюлуп, легендарлуу учкучтун музейи менен таанышышты.

Эскерүү иш-чарасы бир мүнөттүк тыныгуу, үч ирет куралдан залп менен ок чыгаруу, окуучулардын Улуу Ата Мекендик согуш жылдарын сахналаштырылган концерттик программасы менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий