• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанга жерде жүрүүчү транспорт аркылуу 33 өлкөнүн жарандары турист катары келе алат

Коом 0


Бишкек, 01.06.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанга жерде жүрүүчү транспорт каражаттары аркылуу 33 өлкөнүн жарандары турист катары келе алат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Экономика жана каржы министрлигине караштуу Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова билдирди.

Анын айтымында, Россия, Азербайжан, Армения, Грузия, Белорусь, Казакстан, Түркмөнстан, Бельгия, Австрия сыяктуу 33 өлкөнүн жарандары өлкөгө саякаттоо үчүн кире алат.

“2020-жылдын сентябрь, октябрь айларында бул тизмеге Өзбекстан жана Венгрия өлкөлөрү киргизилген. Учурда ал тизменин зарылчылыгы жок. Коңшу өлкөлөрдөн, чет элден келебиз деген туристтер арбын. Биз аларга мүмкүнчүлүк бербей жатабыз. Бул багытта чогулуш өткөрүп, тийиштүү жактарга түшүндүрүп бергенбиз. Протокол түзүп, Республикалык штабга жибердик. Биз тизмеге кирген өлкөлөрдүн санын кеңейтүү же эпидкырдаал туруксуз өлкөлөрдүн өзүнчө тизмесин бекитүү боюнча эки вариант сунуштадык”, - дейт ал.

Кенжематова Кыргызстанга авиа жолдору аркылуу туристтерге дүйнөнүн бардык жерлеринен келүүгө мүмкүнчүлүк бар экендигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий