• 87
  • 90.59
  • 0.86

Советтик жана россиялык дипломат Кеңеш Кулматов "Даңк" ордени менен сыйланды

Коом 0

Бишкек, 26.11.24. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев мамлекеттик ишмер, советтик жана россиялык дипломат Кулматов Кеңеш Нурматовичке Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы – “Даңк” орденин тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, буга чейин президент Садыр Жапаров Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдык мааракесин белгилөөгө байланыштуу К.Кулматовду Кыргыз Республикасынын тышкы саясатына кошкон олуттуу салымы үчүн “Даңк” ордени менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Элчи Бөкөнтаев мамлекет башчысынын куттуктоо сөздөрүн айтып, К.Кулматовдун дипломатиялык кызматтын калыптанышындагы жана өнүгүшүндөгү баа жеткис ролун, ошондой эле дипломатиялык кадрлардын жаш муунун тарбиялоого кошкон салымын ыраазычылык менен белгиледи.

Өз кезегинде Кулматов президент Садыр Жапаровго ыраазычылык сөздөрүн жеткирүүнү өтүнүп, өлкө жетекчилигинин күч-аракетин жана Кыргызстанда элдин бакубаттуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформаларды жогору баалап, Кыргызстандын мындан аркы гүлдөп-өнүгүшүн каалады.

Пикир

Оставить комментарий