• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Көрктөндүрүү жана тазалык эрежелерин бузган. Бишкекте 435,5 миң сомго айып салынды

Коом 0

Бишкек, 05.04.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын муниципалдык инспекциясы көрктөндүрүү жана тазалык эрежелерин бузгандар менен активдүү күрөшүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 2-апрелде инспекторлор тарабынан жалпы суммасы 435 миң 500 сомго 36 протокол түзүлгөн.

Төмөндө тартип бузгандардын тизмеси:
- Масалиев көчөсү, 26 дарегинде жайгашкан "Юнайтед Интернешнл скул" эл аралык мектебине 13 миң сом айып салынды;
- Суванбердиев көчөсү, 51 дарегининин Ж.К. аттуу жашоочусуна 7 миң 500 сом айып салынды;
- Мичурин көчөсүндө жайгашкан "Стальмонтаж Плюс" ЖЧКсына 13 миң сом айып салынды;
- Чуйков көчөсү, 128 б дарегиндеги "Алтын тамга" ЖЧКсына 13 миң сом айып салынды. Ошондой эле басмаканага "Тазалык" ишканасы менен келишим түзүү жөнүндө көрсөтмө берилди;
- "Альфа Ойл" ЖЧКсына 13 миң сом айып салынды;
- «V.R.S. Company» ЖЧКсына 13 миң сом айып салынды;
- Орозбеков көчөсү, 43 дарегинде жайгашкан "Винзор" ЖЧКсына 17 миң сом айып салынды;
- Каралаев көчөсү, 40/1 дарегинде жайгашкан "Бахчай" кафесине 23 миң сом айып салынды.
- А.Т. аттуу шаар тургунуна 7 миң 500 сом айып салынды;

Белгилей кетсек, шаардыктар КР Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин1 14-беренеси боюнча көрктөндүрүү эрежелерин бузса, инспекторлор протокол түзүп, тартип бузууларды четтетүү тууралуу көрсөтмө беришет.

Көрсөтмөнү аткарбаган учурда, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 434-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, жеке адамга 3 миң сом, ал эми юридикалык жакка 13 миң сом айып салынат. Жазма буйрукту бир жылдын ичинде кайталап аткарбаган учурда жеке жактар үчүн айып пулдун суммасы 10 миң сомду, юридикалык жактар үчүн - 30 миң сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий