Бишкек, 26.07.22. /Кабар/. Бишкекте шаардык кызматтардын кызматкерлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу муницпалитеттин басма сөз кызматы билдирет.
Коронавирус инфекциясынын көбөйүшүнө байланыштуу үй-бүлөлүк медицина борборлорунун кызматкерлери Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине, тактап айтканда, Транспорт жана жол-транспорт инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти, Муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти, Капиталдык курулуш башкармалыгы жана Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Пикир
Оставить комментарий