• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Кыргызстанда эмделгендердин арасында абалдары өзгөчө начарлап кеткендер катталган жок

COVID - 19 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда COVID-19га каршы эмделгендердин арасында абалдары өзгөчө начарлап кеткендер катталган жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында “Прафилактикалык медицина” ИӨБге караштуу вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча РИӨБ жетекчиси Зурадин Нурматов билдирди.

Анын айтымында, эмдөөдөн кийин ийне сайган жердин оорушу, дене табынын көтөрүлүшү, алсыроо жана башка белгилүү болгон учурлар бар.

Ошондой эле ал коронавирус инфекциясын кайрадан жуктуруп алган учурлар тастыкталбагандыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий