• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Спорттун улуттук түрлөрү менен салттуу оюндарды мыйзам алкагында сактоо жана өнүктүрүү чаралары каралууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.09.17 /Кабар/. Жогорку Кеӊеште кыргыз элинин унутулуп бараткан улуттук спорт оюндары менен салттуу оюндарын өнүктүрүүгө багытталган “Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечи – Өкмөт.

Өкмөттүн маалыматына караганда, спорттун улуттук түрлөрү менен салттуу оюндар кыргыз элинин маданиятынын ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат. Алардын көп кылымдык тарыхый таржымалы бар. Эң мыкты улуттук салттар иргелип отуруп, муундан-муунга өтүүдө. Ошондон улам, иштеп жаткан мыйзамга “спорттун улуттук түрлөрү” жана “салттуу оюндар” деген түшүнүктөрдү киргизүү аркылуу аларды сактап калуу жана өнүктүрүү демилгеси сунушталууда.

Спорттун улуттук түрлөрү жана салттуу оюндар азыркы ааламдашуу жүрүмүндө толук же жарым-жартылай жоголуп кетүү коркунучуна кабылууда. 2016-жылдын 31-мартында Кыргызстан ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурасынын Репрезентативдик тизмесине киргизүү үчүн «Көк бөрү – салттуу ат оюну» номинациясын Кыргызстандын атынан сунуш кылды. Мындан улам “салттуу оюндар” түшүнүгүн мыйзамдаштыруу зарылдыгы жаралды

Пикир

Оставить комментарий