Төрага чек арада каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Ала-Бука районундагы кыргыз-өзбек чек арасында каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, бүгүн 7-апрелде Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Кербен чек ара тозотунун тилкесинде белгисиз себептерден улам өзбек чек арачылары Кыргызстандын жаранына ок чыгарып, натыйжада ал ооруканада каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий