• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

ССМ: Күйөөсүнөн бычак жеген аялга операция жасалууда

Ден соолук 0

Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги "Кабар" агенттигине күйөөсү тарабынан кордолуп, бети-башы кескиленген аялга операция жасалып жатканын билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, бүгүн, 20-сентябрда саат 11:00дө Улуттук госпиталга Сокулук райондук Жалпы дарыгердик практика борборунан бети, моюну кесилген аял которулуп келген.

"Саат 11:30да жабырлануучу хирургдардын жана микрохирургдардын катышуусунда операцияга алынган. Азыркы учурда операция уланууда. Дарыгерлер жабырлануучунун органдарын сактап калууга бардык аракеттерди көрүшүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Министрликтен жабырлануучунун операциядан кийинки абалы тууралуу кошумча маалымат берилерин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий