• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Арабаев: Президенттин ТӨМ саммитинде айткан демилгелери актуалдуу маселелерди чечүүгө багытталган

Коом 0

Үстүбүздөгү жылдын 18-сентябрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ) боюнча саммити өтүп, анда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров трибунага чыгып сөз сүйлөдү. Анда мамлекет башчысы бир катар маанилүү маселелерди көтөрдү. Алардын канчалык актуалдуу экендиги жөнүндө юридика илимдеринин доктору, профессор, КР президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун укуктук жана саясий изилдөөлөр борборунун жетекчиси Автандил Арабаев менен кыскача маек курдук.

— Саламатсызбы, Автандил Анисович! Президент Садыр Жапаров ТӨМ саммитинде БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары өлкөнүн мамлекеттик саясатынын негизи болуп саналат жана Кыргызстанды өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү улуттук стратегиясына киргизилген деп айтты. Ушул маселе боюнча сиздин оюңузду уксак...

— Саламатчылык. Президентибиз Садыр Жапаров туура айтты. Анткени 2040-жылга чейинки Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнүн улуттук стратегиясы мамлекеттик жана коомдук турмуштун бардык тараптарын камтып, аны түпкү максаты жарандарыбыздын жашоо-тиричилигин жакшыртууга багытталган.

Ал эми «Туруктуу өнүгүү максаттары», же болбосо "Глобалдуу максаттар", Бириккен Улуттар Уюму тарабынан 2015-жылы жакырчылыкты жоюу, адамдардын тынчтыкта жана бакубат жашоосун камсыз кылуу, планетаны коргоо боюнча жалпы дүйнөлүк чакырык катары кабыл алынган.

Бул жаатта БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары менен биздин Улуттук стратегиябыз үндөш. Бул эки документ тең биринчи кезекте адамга, анын бакубат жашоосуна шарттарды түзүүгө багытталган.

Мындан сырткары, Улуттук стратегиянын негизинде 2026-жылга чейин республиканы өнүктүрүүнүн Улуттук програмасын да кабыл алганбыз. Ал Программада ошол эле БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча конкреттүү иш-чаралар каралган. Алардын ичинде: калктын жакырчылыгын 20 пайызга чейин төмөндөтүү; жумушсуздуктун деңгээлин 5 пайызга чейин төмөндөтүү; ички дүң продуктуну жан башына алганда 1500 долларга жеткирүү; жылдык экономикалык өсүш темпти 5 пайызга жеткирүү; мамлекеттин тышкы карызынын үлүшүн ички дүң продуктунун 60 пайыздан ашпаган чегинде камсыздоо ж.б.у.с. көрсөткүчтөр бекитилген.

Мына ушулардын баары ачыктап тургандай, мамлекетибиздин Улуттук стратегиясы менен кыска мөөнөттүү Улуттук программасынын БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына туура келип, аны ишке ашыруу максатын көздөшөт. Ошондуктан мамлекет башчыбыз Садыр Жапаровдун БУУнун саммитинде айткан сөздөрүн негиздүү десек болот.

— Аталган саммитте Садыр Жапаров бир катар демилгелерди да көтөрдү. Сиздин оюңузча, алар канчалык актуалдуу?

— Садыр Нургожоевич мамлекеттик саясатты, өлкөбүздүн социалдык-экономикалык абалын, ошону менен бирге жалаң гана Кыргызстан эмес, Борбордук Азия чөлкөмүндөгү көйгөйлөрдү жана дүйнөлүк тенденцияларды эске алуу менен реалдуу сунуштарды жарыялады.

Биз тоолуу аймак катары суу, энергетикалык ресурстарга бай мамлекетпиз. Бирок, дүйнөлүк климаттын жылдан жылга ысып баратышынан, мөңгүлөрдүн азайышынан, кургакчылыктын айынан суу тартыштыгы, андан улам электр энергия таңкыстыгы Кыргызстанда, коңшу Казакстан, Өзбекстан жана башка мамлекеттерде азыртан көйгөй жаратып атат. Бул жалпысынан глобалдуу маселе. Мындай көрүнүштөрдү дүйнөнүн төрт тарабынан тең байкасак болот.

Ошондуктан президентибиз Садыр Жапаров жашыл экономиканы өнүктүрүүгө жана аны менен бирге эле энергиянын кайра жаралуучу булактарын жайылтууга өзгөчө көңүл бурду. Жашыл экономика дүйнөлүк фауна менен флораны сактоого, табыйгатка зыян келтирүүчү өндүрүштөрдү жоюуга, табигый тамак-аш азыктарын өндүрүүгө, андан барып дени сак келечек муундарды тарбиялап-даярдоого тиешелүү шарттарды түзөт. Бул өтө маанилүү сунуш.

Булардан тышкары президентибиз БУУнун алдында атайын Фонд түзүүнү да сунуштады. Ал фонд, С. Жапаровдун пикиринде, дүйнөлүк климаттын өзгөрүшүнө туруштук берүү боюнча программаларды ишке ашыруусу абзел, айрыкча мындай программалар тоолуу өлкөлөр үчүн абдан актуалдуу. Албетте, ар кандай программа каржылоону талап эмеспи. Ошондуктан бул маселе да Фонддун көзөмөлүндө болушу керек. Ушул эле багыттагы да бир демилге бул мамлекеттин тышкы карызын экологиялык долбоорлор аркылуу жабуу. Башкача айтканад, экологиялык долбоорлорду натыйжалуу ишке ашырган мамлекеттин тышкы карызы жоюлушу шарт. Экология дүйнөлүк көйгөй болгондуктан, аны чечүүгө бардык мамлекетткр, биринчи кезекте Бириккен Улуттар Уюму кызыкдар болушу керек.

Өзүңөр көргөндөй Садыр Жапаровдун демилгелери дүйнөлүк актуалдуу маселелерди чечүүгө багытталып, өз убагында айтылган сунуштардан болду.

Пикир

Оставить комментарий