Бишкек, 28.05.18. /Кабар/. Мектепти жылына 60 миңден 65 миңге чейинки бүтүрүүчүлөр аякташат. Бул боюнча изилдөө жыйынтыктарын мисал келтире алам, - дейт депутат Аалы Карашаев “Парламент” радиосунун түз эфиринде болуп. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.
"Ошол мектепти аяктап жаткан улан – кыздардан тышкары атайын орто окуу жайларын аяктагандар дагы бар. Алардын эсеби да 28 – 29 миңге чукулдайт. Ошондо жалпысынан 90 миңдей жаштарыбыз жогорку окуу жайларынын потенциалдуу абитуриенттери боло алышат. Ушунча сандагы окуучулардын 5100ү гана гранттык орундарга илинбесе, калгандары келишимдик негизде окууга аргасыз. Бирок, барынын эле каражат жагынан көйгөйү чечилген, - деп айта албайбыз. Ошондуктан, социалдык насыяларды берип, абалды жеңилдетүүгө болот. Ошонун бир ыңгайы катары “Билим берүү жөнүндөгү” КР мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү сунуштап жатабыз, - дейт депутат.
Насыя берүү максатында иштей турган банктар такталат. Алардын үстөк катары ала турган каражаты 5 пайыздан жогору болбош керек. Кредит дагы студентке жылына жаңыртылып берилип турат. Ал эми төлөөгө келгенде 5 жылдык каникулдун тартиби сакталат, - деп кошумчалады А.Карашев.
Ошондой эле уктурууга КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков да катышып, бир топ суроолорго жооп берди. Адис катары анын айтымында, насыя берүүдө негизги милдетти Өкмөт өзүнө алат. Ошондуктан, кайсыл адистикке окуп жаткан студенттерге насыя берилүүсү керектигин аныктап, приоритетти тактоочу да ошол министрлер кабинети болот, - деп түшүндүрдү К.Кожобеков.
Эгерде бир жыл ичинде насыя алууга кайрылуучулардын эсеби 5700дүн тегерегинде болсо, 6 жыл ичинде 30 – 35 миңдин айланасындагы керектөөчү – студенттерге насыялык каражат талап кылынат, - дейт КР Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү.
Пикир
Оставить комментарий