Бишкек, 10.05.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Түркияга болгон расмий сапарынын алкагында Стамбул шаарында "Түрк аба жолдору" авиакомпаниясынын директорлор Кеңешинин жана Аткаруу комитетинин төрагасы Илкер Айжы менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда Кыргыз Республикасынын "Түрк аба жолдору" авиакомпаниясы менен кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланган.
"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз тарап, Кыргызстандын региондоруна башка каттамдар боюнча "Түрк аба жолдору" авиакомпаниясынын рейстерин жандандыруу маселесине, ошондой эле "Манас" аэропортунун транзиттик дараметин пайдалануу маселесине өзгөчө көңүл бурду", - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий