• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Стамбулда Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин 12-жыйыны болуп өттү

ТҮРК КЕҢЕШИ 0

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. 2022-жылдын 9-11-февралында Стамбул шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Аксакалдар кеңешинин 12-жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ага Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Түркиянын, Өзбекстандын аксакалдары катышып, учурда ТМУнун Аксакалдар кеңешинде түрк тараптан парламенттин депутаты, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын экс-төрагасы, Түркиянын мурдагы премьер-министри Бинали Йылдырым төрагалык кылууда.

Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешине Кыргызстандын мамлекет башчысы менен макулдашуу боюнча КР Жогорку Кеңешинин экс-төрагасы, КРнын Түркиядагы жана Ирандагы мурдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Медеткан Шеримкулов дайындалган.

Азербайжан Аксакал кызматына көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, тажрыйбалуу дипломат, экс-премьер-министр, мурдагы тышкы иштер министри Гасан Гасановду көрсөткөн.

Казакстандан Аксакал катары Казакстандын парламентинин сенатынын сенаторлор кеңешинин мүчөсү, Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөсү Икрам Адырбек дайындалган.

Өзбекстан тарабынан Аксакал кызмат ордуна Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын Жаштар, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Бахтиёр Сайфуллаев сунушталган.

Маалымат үчүн: Аксакалдар кеңеши 2010-жылы Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыкты түзүү боюнча Нахчыван келишиминин 9-беренесине ылайык Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши ишмердүүлүгүн баштагандан соң түзүлгөн.

2021-жылы Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши Түрк мамлекеттер уюмуна айланган. Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев акыркы жылдары бул таасирдүү эл аралык уюмда Кыргыз Республикасынан аксакал болуп келген. Коомдук ишмер, көрүнүктүү дипломат Ишенбай Абдуразаков Аксакалдар кеңешинде Кыргыз Республикасынан биринчи аксакал болуп келген.

Пикир

Оставить комментарий