• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Элчи Өмүралиев ТҮРКПАнын түрк делегациясынын мүчөлөрү менен жолукту

ТҮРК КЕҢЕШИ 0

Бишкек, 19.02.22. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаттары, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Укуктук иштер жана эл аралык мамилелер боюнча комиссиясынын төрагасы Эрол Кая баштаган Ассамблеядагы түрк делегациясынын мүчөлөрү менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматы билдирет.

Билдирүүдө айтылгандай, тараптар парламенттер аралык, атап айтканда, ТҮРКПА алкагында кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилешти.

Кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана жумушчу байланыштарды чыңдоо максатында, тараптар быйыл Кыргызстанда өткөрүү пландаштырылган Ассамблеянын кеңешин жана ТҮРКПАнын 11-пленардык жыйынын талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий