• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

“Старый Толчок” – “Евразия” базары мамлекеттин балансына кайтарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.08.24. /Кабар/. “Старый Толчок” – “Евразия” базары мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, атайын кызмат коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүүнүн алкагында “Старый Толчок” – “Евразия” базарынын мүлк комплексин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын аныктады.

Убагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин балансында турган жалпы аянты 2,2 гектар жер "Шар-Чебер" жеке кооперативине мыйзамсыз өтүп, андан ары менчиктештирилип кеткен.

Аныкталгандай, “Шар-Чебер” жеке кооперативи Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин айрым кызматкерлери менен бирдикте болгон.

Иликтөө иштеринин натыйжасында “Евразия” базарынын (“Эл Гранд” ЖЧКсы) жалпы аянты 1,14 гектар жер тилкеси жана жалпы аянты 3 миң чарчы метрден ашык соода жайлары мамлекеттин балансына кайтарылды.

УКМКдан кошумчалашкандай, жерлер, имараттар жана курулуштарды мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоону, ошондой эле аларды мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иш-чараларды улантып жатат.

Пикир

Оставить комментарий